Марал Радиосу

БШК: Партиялардын баннер илип, штаб түзүүсү үгүттөөгө жатпайт

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда айрым партиялардын баннерлери көчөлөргө илинип, штабдарынын ачыла башташы коомчулуктун талкуусуна түштү. Социалдык тармактардын колдонуучулары муну шайлоо алдындагы үгүт катары баалап жатышат. 

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага бир ай калганда үгүт иштери башталышы керек. Бирок азыртан эле айрым партиялар өздөрүн кыйыр түрдө жарнамалай башташты. Бул социалдык түйүндөрдө талкуу жаратып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр АбдыракматоваМарал” радиосуна билдиргендей, партиялардын мындай кадамдарында мыйзам бузуу жок. Анткени штаб түзүү жана ал кайсы партиянын штабы экенин билдирип турган баннерлерди илип коюу үгүткө жатпайт жана мыйзамга каршы келбейт. Эгерде ошол баннерлерде партияны үгүттөөнүн белгилери бар болсо, анда ал партия мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Абдыракматова мындан сырткары, партияларды тааныштырууда, партияга мүчө кабыл алууда штабга келген жаранга партиянын багытын, келечегин, принцибин таанытуу керек болорун айтат.

Өлкөнүн кээ бир аймактарында үгүттөөнүн башка түрлөрү да жүрүп жатканы коомчулукта сынга алынып жатат. Социалдык тармактардын колдонуучулары «домкомдор» паспортун сурап, кээ бирлери атайын акча сунуштап жатышканын жазышууда.

Фейсбуктагы “Беспредел KG” баракчасында жарыяланган билдирүүлөрдө Жалал-Абад шаарында парламенттик шайлоого талапкер болгон жаран элди акысыз мончого түшүрүп жатканын айтылган. Ал эми “Тажадым” баракчасына көптөгөн анонимдүү билдирүүлөр келип, алардын көпчүлүгү ар кайсы партиядан акча сунуштап жатышканын айтышат.

Деген менен Борбордук шайлоо комиссиясы партиялардын мындай аракеттерин токтотууга каршы эч кандай чара көрө албайт. Бул пикирди саясат талдоочу Ишенбай КадырбековМарал” радиосуна билдирди. Анын маалыматында, БШК мыйзам бузган партияларга эскертүү гана берип, эгер эске албаса каттоодон өткөрбөй кое алат.

БШК буга чейин шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын тизмесин жарыялаган. Бардыгы 44 партия ат салышуу ниетин билдирсе, алардын айрымдары бириге башташты. Саясий уюмдар 20-августка чейин съездин өткөрүп, Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмеси менен документтерин берүүсү зарыл.

Боршайком партиялардын тизмесин 4-сентябрга чейин текшерип чыгат жана ошол күнү үгүт иштери башталат. Ага чейинки үгүттөөлөр мыйзам бузуу катары бааланат. Агитациялык иштер 3-октябрь күнү токтотулуп, 4-октябрда шайлоо өтөт.

Макаланы даярдаган Сагын Сабыров