Марал Радиосу

Шайлоо-2020: «Улуу Журт» партиясы «Кыргызстанга» кошулду

«Улуу Журт» саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн «Кыргызстан” саясий партиясы менен бирикти. Бүгүн, 11-августта эки партиянын төрагалары Аргынбек Малабаев менен Канатбек Исаев кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Канатбек Исаев эки партиянын биригүүсү боюнча сүйлөшүүлөр бир нече ай бою жүргөнүн айтты.

«Биз кылдаттык менен эки партиянын программасын жана курамын изилдеп чыгып, биригүү “Кыргызстан» партиясын дагы да күчтөнтөт деген бирдиктүү пикирге келдик”, – деди Исаев.

«Улуу Журт» сасий партиясы 2018-жылдын июнь айында түзүлгөн. Анын төрагасы — мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев.

2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо өтөт.

Талант Мамытов «Кыргызстан» партиясына кошулду