Марал Радиосу

Бейруттагы жарылуу 300 миңден ашык адамды турак-жайсыз калтырды

4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында орун алган жарылуудан улам шаардын жарымынан көбү кыйроого учурады. Бул тууралуу шаардын губернатору Марван Аббуд маалымдады.

Анын айтымында, жарылуудан жаралган чыгым 3 млрд доллардан 5 млрд долларга чейин же андан да көп болушу мүмкүн.

Маалымат булактары белгилегендей, 300 миң шаар тургуну турак-жайсыз калган. Жарылуудан улам 100дөн ашык адам каза болуп, 4 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган.

Өлкөдө улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Жогорку Коргоо кеңеши апаат болгон аймак деп жарыяланган Бейрутта 2 аптага өзгөчө кырдаал киргизди. Ливандын премьер-министри Хасан Диаб достук мамиледе болгон өлкөлөрдөн жардам күтөрүн айтты.

Ливандын саламаттыкты сактоо министри Хасан Хамаддын айтымында, ооруканаларда орун жетишпегендиктен улам көпчүлүк керектүү медициналык жардамды ала албай жатышат. Ошондой эле жарылуу учурунда шаардагы 4 оорукана кыйрап калгандыктан, абалды ого бетер оорлоштурган. Урандылардын алдында дагы көптөгөн киши болушу да ыктымал. Бул арада Катар, Ирак жана Иордания жарылуудан кийин Ливанга 4 талаа ооруканасын жана медициналык жардам жөнөттү.

Жабыркагандардын арасында Казакстандын Бейруттагы консулу да бар экенин коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Элчилик жайгашкан имарат да зыянга учураган.

Окуяда кыргызстандыктар жабыр тартканбы же жокпу, азырынча расмий маалымат бериле элек. Президент Сооронбай Жээнбеков Ливандын президенти Мишель Аунга Бейрут шаарындагы жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Бул жарылууга шаардын портунда 6 жылдан бери сакталып турган 2750 тонна көлөмдөгү аммиак жер семирткичи (селитра) себеп болгон, анткени көп жыл сакталып турганы менен тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлгөн эмес. Жарылуунун үнү Бейруттан 250 чакырым алыстыктагы Кипрдин борбору Никосияга чейин жеткен.


Бейрутта аза күтүү жарыяланды (фото, видео)


Ал эми айрым булактар жарылуу Ливандагы маанилүү саясий окуянын алдында болгонун белгилеп жатышат. 7-августта Гаагадагы атайын трибунал өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин өлүмү боюнча акыркы чечимин чыгарышы керек. Саясатчы 2005-жылы терактта мерт болгон. Шектүүлөрдүн арасында шийиттердин «Хезболла» партиясы бар. Харири өзү сунниттердин «Мусотакбаль» партиясынын өкүлү болгон.

Өткөн жумада азыркы премьер-министр Хассан Дияб өлкөнүн Коопсуздук боюнча жогорку кеңешинде сөз сүйлөп, Гаагадагы өкүм Ливанда жарандык согуштун чыгуусуна алып келиши мүмкүндүгүн айткан.