Марал Радиосу

Кадамжай: Толук билим албаган окуучулар

Жаңы окуу жылы дистанттык негизде башталары күтүлүүдө. Бирок алыскы райондордо, айрыкча Өзбекстанга чектеш аймактарда интернет жеткиликтүү болбой, мамлекеттик телеканалдар тартпайт. Бул маселе окуучулардын толук билим алуусуна тоскоолдук жаратууда. 

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жаш-Тилек айылында мамлекеттик телеканалдар тартпай, балдар өткөн окуу жылынын акыркы чейрегин толук окубай калышкан. Анткени айылда мобилдик интернет жеткиликтүү болгон эмес. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Жолдубай Оболбеков «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, айыл тургундары өзбек телеканалдарын гана көрө алышат. Кыргызстандын мамлекеттик каналдары да, жеке менчик каналдары да тартпайт. Оболбеков бул маселе боюнча жергиликтүү бийликке кайрылып, жыйынтык ала электигин айтты.

Оболбековдун берген маалыматына таянсак, аталган айылдын окуучулары өткөн жылы толук билим ала албай калышкан. Тургун бул маселе боюнча жооптуу жетекчилерге кайрылып, чечкенге аракет кылып жатканын кошумчалады.

Кадамжай районунун Келечек айылынын окуучулары да жогоруда айтылган тоскоолдуктан окуу жылын аяктоодо кыйналышкан. Алар сабакты калтырбоо үчүн «Баластан» каналы тарткан классташынын же кошуналарынын үйүнө чыгып окууга туура келген.

Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири Кайратбек Сейитмуратов «Марал» радиосуна билдирди.

Жогоруда сөз болгон Жаш-Тилек айылындагы №78 мектептин жетекчиси Саадат Акматова «айылда мамлекеттик телеканалдар толугу менен көрсөтөт» деп жатат. Анын оюнда, мобилдик интернет менен да эч кандай маселе жок экен.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги бул көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү бийлик менен кызматташып, тиешелүү жактарга жардам сурап кайрылуу жибергенин билдирди. Министрликтин маалымат катчысы Акылбек Орозматов өткөн окуу жылынын 4-чейрегиндеги бардык кемчиликтер, катачылыктар эске алынып, алардын үстүнөн иштеп жатышканын айтты.

Орозматовдун берген маалыматына ылайык, учурда министрлик ар кандай кырдаалга даярдык көрүп жатат. Мисалы, телесабактар өткөн жылдагы кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен тартылууда. Министрликтин божомолу боюнча, жаңы окуу жылынын 1-чейреги дистанттык форматта болот.

Макаланы даярдаган Сагын Сабыров