Курмандыктын көпчүлүгү Бишкек шаарында чалынат. Бул тууралуу «Адеп Башаты» диний уюмунун жетекчиси Автандил Жусупбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, муктаждарга көбүрөөк эт таркатуу максатында Бишкекте курмандык көп чалынат. Анткени борбор калаада аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көп. Мындан сырткары карылар, кароосуз калган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйлөрү да Бишкекте жайгашкан.
«Адеп Башаты»: Өлкө боюнча миңге чукул бодо мал курмандыкка чалынды
Курмандык чалуу — колунда бар адамдар үчүн милдет. Ал да өзүнчө ибадат.
«Курмандык — Кудай Таалага моюн сунуунун символу. Бирок мурда Курман айт өлгөндөрдүн майрамы, куран окутуу керек дегендей түшүнүк бар болчу. Кудайга шүгүр, учурда дин аалымдары, Муфтият тарабынан элге терең түшүндүрүлгөндүктөн айыл жеринде да, шаарларда да курман чалганга өтүштү. Мурда көбүнчө шаарда союлчу. Азыр курмандык чалуу элдин арасында отурукташып, жакшы калыптанып калды», — дейт Жусупбеков.
Маалыматка ылайык, курмандыктын баасы атайын комиссиянын чечими менен бекитилет.
«Түшкөн каражаттар комиссияга топтолот да, мал сатып алып бизге өткөрүп берет. Биз жөн гана мал союп, этин таркатууда көмөк көрсөтөбүз. Быйыл пандемияга байланыштуу илдеттин жайылуусуна жол бербөө максатында курмандык союлган жерлерде майрамдык маанай тартуулай алган жокпуз», — дейт Жусупбеков.