Марал Радиосу

Шайлоо 2020: Үгүт иштерин чагылдыруу үчүн 14 ЖМК катталды (тизме)

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдыруу үчүн 14 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды каттоодон өткөрдү.

Эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма аянттарын бергендиги жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугу үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү жана башка шарттары жѳнүндѳ маалымат БШКнын расмий сайтына жайгаштырылды.

Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн жалпы 210 ЖМК жана интернет-басылма катталган. Алардын 57си телекомпания, 52си гезит-журнал, 26сы радио жана 75и интернет-басылмалар.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталат, 20-августка чейин саясий партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бериши керек.


Шайлоо процессин чагылдыруу жана үгүт иштерин жүргүзүүнүн жоболору өзгөртүлдү