Марал Радиосу

Коронавирустан 17 бейтап көз жумду, 631 учур жаңы катталды

Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирустан дагы 17 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова кабарлады. Алар Бишкекте – 9, Чүй облусу – 2, Нарын облусу – 2, Жалал-Абад облусунда – 4 учур.

Коронавирус илдети ушуну менен 1364 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустун 631 жаңы учуру катталды. Алар:

-Бишкек — 118;
Ош – 89;
Чүй облусу – 81;
Ош облусу — 74;
Талас облусу – 27;
Нарын облусу – 13;
Ысык-Көл облусу – 94;
Жалал-Абад облусу – 85;
Баткен облусу — 50 учур.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 35 миң 143кө жетти.

Бир сутка ичинде 1131 жаран коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Пандемия башталгандан бери бул илдеттен 24 миң 474 адам айыкты.