Марал Радиосу

Балбак Түлөбаев кикбоксер Дастан Али Шаршеевди өзүнө жардамчы кылды

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кыргызстандык спортчу, кикбоксер Дастан Али Шаршеевди өзүнө жардамчы кылып алганын жарыялады. Ал бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына жазды.

Дастан Али Шаршеев тай боксу боюнча Азия жана Евразия чемпиону. Ал бир топ эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 27-июлда дайындалды. Облусту буга чейин Акылбек Осмоналиев жетектеген. Акылбек Осмоналиев учурда өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болду.

Балбак Түлөбаев буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратын жетектеп келди.