30-июлда өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 25-июлда «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Президенттин айтымында, коронавирустан улам каза болгондорду эскерүү менен аза күтүү күнүнө тиешелүү жарлык жакынкы күндөрдө чыгат.
— Ооба, менин да бул тууралуу ойлорум бар. Айтпай турайын дедим эле, маалымат берип коеюн. 31-июль Курман айт деп жарыяланды. 30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы, — деди Жээнбеков.
Мамлекет башчы, дагы бир ирет каза болгон мекендештердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу жүрөгүндө экендигин белгиледи.