Марал Радиосу

Ыктыярчы кыз куткара албай калдым деп ыйлаган киши тирүү болуп чыкты (видео)

Бишкектеги ооруканалардын биринде коронавирус менен дарыланып жаткан адамдын өмүрүн сактай албай калдым деген ыктыярчынын видеосу тараган. Ички иштер министрлигинин бүгүн тараткан маалыматы боюнча, видеодогу Жоломан Карымшаков аттуу тургун өлгөн эмес.

Бул окуя соцтүйүндөрдө жарыялангандан кийин ИИМдин тергөө кызматы окуянын чоо-жайын териштирген. Алдын ала иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Жаштар демилге борбору” коомдук уюмуна 16-июлда кечки саат 22:50дө Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда көчөдө бир адам эс-учун жоготуп жатат деген маалымат түшкөн. Ыктыярчылар ал жерге барганда отурган абалда бир адамды көрүшкөн. Анын дем алуусу кыйын болуп жаткандыктан түнкү стационарга алып барышкан.

Стационарда «бош орун жок» деп айтылгандан кийин башка ооруканага жаткызганга чейин кычкылтек менен дем алдыруу үчүн ал адамды стационардын ичине алып кирип кетишкен.

Он мүнөт өткөндөн кийин стационардагы иштеген дарыгерлердин бири ал адамдын жүрөгү токтоп, каза болуп калгандыгын билдирген. Тагыраагы, ал кандайдыр бир кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгон. ИИМдин маалыматына караганда, волонтерлор кетип калышкандан кийин жаран кайрадан эсине келген.

«Иликтөө иш чараларынын учурунда жогорудагы каза болуп калды деген маалымат жалган болуп чыкты. Ал тирүү эле экен, Ат-Башы районунун тургуну, учурда Бишкектин Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоломан Карымшаков экендиги аныкталды«, — деп айтылат маалыматта. 

Каза болуп калганы айтылган Жоломан Карымшаков 16-июль күнү мас абалда жүрүп, кан басымы көтөрүлүп, Бишкектин Ак-Өргө конушундагы көчөлөрдүн биринде жолдо жатып калган. 

«Жолдо келе жатканда өзүмдү бир жоготуп, бир өзүмө келип машинада бара жаткандыгымды сезип, машинадагы бир кызды карап: «Менин кызымдай болгон кыз экенсин, мен кызымды жакшы көрөмүн, эгерде мен өлүп калсам, кызыма айтып койчу атаң сени жакшы көрөт деп» айтып өзүн кайрадан жоготуп койгондугун билдирген. Анан бир убакта көзүн ачса, ага капельница коюп коюшкандыгын, ошондо өзүн ооруканада жатканын билип, капельница бүткөндөн кийин ал жактагы медициналык кызматкерлердин уруксаты менен үйүнө кетип калдым», — дейт Жоломан Карымшаков.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары аяктап, иш кыскаруунун алдында турары кабарланды.