Марал Радиосу

Болливуд актёру Кыргызстандагы индиялык студенттер үчүн учак жиберет

Болливуд актёру, кино продюсер Сону Суд пандемияга байланыштуу мекенине кайта албай жаткан Кыргызстандагы индиялык студенттерди алып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурууда. Ал 22-июлда аткарылат. Бул тууралуу актёр Твиттердеги баракчасына жазды.

-Кыргызстандагы бардык студенттерге үйгө кайтуучу мезгил келгенин кабарлайм. Биз Бишкек-Варанаси алгачкы чартерин уюштуруп жатабыз. Чартердик каттам 22-июлда болот. Каттам тууралуу толугураак маалыматтар почтаңарга жөнөтүлөт. Башка өлкөлөргө болгон чартердик каттамдар да ушул жума ичинде уюштурулат, — деди актёр.

Буга чейин Кыргызстанда окуган индиялык студенттер социалдык тармак аркылуу бир канча жактарга кайрылышкан. Анын негизиден Сону Суд 4 миңдей студентти алып чыгып кетүүнү убадалаган.

Кыргызстанда 9 миңдей индиялык студент билим алат. Алардын көпчүлүгү медицина жаатында окугандар.