Марал Радиосу

«Аралыктан окутуу эптеп окуткан мугалимдерди четке сүрүп чыгарат»

Аралыктан окутуу эптеп окуткан мугалимдердин баарын четке сүрүп чыгарат. Мындай пикирин билим берүү тармагындагы адис Асылбек Жоодонбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, окутуучунун даярдыгы, чыгармачылыгы, интернет ресурстарын колдоно билүүсү маанилүү. Биричи кезекте мугалимдерге интернет маселесин чечип берүү кажет.

Пандемия мектеп менен ата-эненин байланышын өнүктүрдү.

-Мурда мугалимдер жалгыз маалымат булагы болсо, азыр андай эмес. Ошондуктан окуучу мугалимин гана карап отурбашы керек. Дистанттык окутууда окуучу графигин өзүнө ылайыктап түзүп алсын. Министрлик көбүрөөк натыйжага иштеши зарыл. Андан тышкары, тоолуу аймактагы мектептерге да мүмкүнчүлүк, жоопкерчилик берүү кажет. Айрым учурда министрлик баарын өзүнө жүктөп алат да, түздөн-түз буйруктарды чыгара берет. Иш сапаттуу аткарылбайт. Окуучуга, ата-энелерге индивидуалдуу мамиле керек. Министрлик даректүү саясат жүргүзсө, жемиштүү болот, — дейт Жоодонбеков.

Ал белгилегендей, баа мугалимдин окуучуну коркуткан куралы болбошу керек. Учурда окуучулар 2 алгандан коркпойт. Ушундан улам белгилүү көндүмдөрдү калыптандырууга өтүү маанилүү.