Марал Радиосу

Кыргызстанда коронавирустун 1108 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда 21-июлга карата (пневмонияны эске алганда) коронавирустун 1108 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 28 миң 251 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

Ошол эле учурда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 1667 бейтап айыкты. Алар:

Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 14 миң 777ге жетти. Коронавирус илдетинен (пневмонияны эске алганда)  1079 адам каза болду. Тастыкталган учурлардын жалпы саны 28 миң 251.