Марал Радиосу

Алмазбек Баатырбеков коронавирус илдетинен айыкты

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков коронавирус илдетинен айыкты. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Баатырбеков 15-июлдан тарта ишине киришти.

Алмазбек Баатырбеков COVID-19 илдетин жуктуруп алган жана сол өпкөсү сезгенгени кабарланган. Ал дарылоо курсунан өтүп, кайрадан тапшырган анализинин жыйынытыгы таза чыкты.