Марал Радиосу

Акыркы суткада 105 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 105 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

— Бишкек ш. – 25 ;
— Чүй облусунда – 13;
— Ош ш. – 19;
— Ош облусунда – 14;
— Жалал-Абад облусунда – 5;
— Баткен облусунда – 21;
— Ысык-Көл облусунда – 8.

Ал эми 6 медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында жалпы 1980 учур катталды, алардын ичинен 576 медкызматкер айыгып чыккан.