Марал Радиосу

Баткен облусунда коомдук тамактануучу жайлар жабылат

Баткен облусунда коомдук тамактануучу жайлар жабылат. Мындай чечим коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча облустук штабдын кезектеги отурумунда, кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында кабыл алынды.

Ага ылайык,

➖ 15-июлдан тарта аймактагы коомдук тамактануучу жайлар, ашкана, кафе, ресторан, бал муздак сатуучу жайлардын иштөөсүнө убактылуу абал турукташканга чейин тыюу салынат.

➖ 14-июлдан тарта облустун аймагындагы район, шаар аралык коомдук транспорттун каттоосуна убактылуу абал турукташканга чейин токтотуу чечими кабыл алынды.

➖ Район шаарлардын башчыларына кырдаалга жараша райондук, шаардык штабдын чечиминин негизинде карантин киргизүү сунушталды.

➖ Санитардык карантиндик посттон жеке такси кызматтарынын облустун аймагынан чыгууларына тыюу салуу, дыкат көзөмөлдөө, талапты аткарбаган айдоочуларга карата тийиштүү чара көрүү жагы белгиленди.