Марал Радиосу

Министрлик Чубак ажынын өлүмү тууралуу үн катты

Саламаттык сактоо министрлиги Чубак ажы Жалиловду Улуттук госпиталь кабыл албай койгон деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-июлда болжол менен саат 12:00дө Чубак ажы Жалилов оор абалда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө алып келинген. Ага — эки тараптуу пневмония, үчүнчү даражадагы дем жетишсиздиги, кант диабети диагнозу коюлган.

Реанимациялык аракеттерге карабастан 11-июлга караган түнү саат 02:50дө каза болгон.

«Министрлик Чубак ажы Жалиловдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп айтылат билдирүүдө.