Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев үй-бүлөсүнүн атынан Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлерине 1 млн сом жардам көрсөттү. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, аталган каражат коронавирустун очогунда вирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдоого багытталат.
— «Кыйын кезде улуттун саламаттыгына кам көрүп, өздөрүнүн ден соолугун, өмүрүн тобокелге салып, күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерге таазим кылам» , — деп жазган Төрөбаев өзүнүн билдирүүсүндө.