Марал Радиосу

Профессор Абдиманнап Муратов пневмониядан улам көз жумду

Медицина илимдеринин доктору, профессор Абдиманап Муратов каза болду. Маалыматка ылайык, 59 жаштагы Муратов акыркы күндөрү пневмония менен ооруп жаткан.

Билим берүү жана илим министринин жана саламаттык сактоо министринин экс-орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор, педиатр-дарыгер Муратов Абдиманнап Аттокурович 2020-жылдын 4-июлунда 59 жашында мезгилсиз дүйнө салды.

Ал 1961-жылы 13-майда Ош областынын Кара-Суу районунун Мады айылында туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун “Педиатрия” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:
— 1989–1999-жж.-Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда профессор;
— 1993-1995 –жж- Иран мамлекетинде дарыгер болуп эмгектенген;

— 1999-2002-жж- Кыргызстан Акушерлик жана педиатрия ИИИде бөлүм башчы болуп эмгектенген;
-2006-2009-жж.-КР Өкмөтүнүн Аппартында кызматчы;
-2009-жылы Саламаттык сактоо министринин орун басары;
— 2010-2015-жж- КР Президентинин аппаратында бөлүм башчы;

— 2015-2018-жж- КР Билим берүү жана илим министринин орун басары- Илим департаментинин директору кызматтарын аркалаган;

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн бир топ сыйлыктар менен сыйланып, илим тармагына сиңирген эмгеги үчүн 2017-жылы «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмери” наамына ээ болгон.

Акыркы учурда Абдиманнап Муратов COVID-19 илдети менен күрөшүү боюнча Илимий-консультативдик кенешинин мүчөсү болуп иштеп жаткан.

Марал радиосунун эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.