Марал Радиосу

Бишкекте парк, гүлбакча, бульварлар жабылды

Бишкек шаарындагы парктар, гүлбакчалар жана бульварлар эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин жабылды.

Мэриянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө: «Шаарда эпидемиологиялык кырдаал абдан курч. Биз шаардыктарды коргоп жана коронавирустун жайылуусун токтотуу үчүн акыркы чараларды кабыл алууга мажбурбуз», — деп айтылат.

Буга чейин калаа башчысы Азиз Суракматов мэрия парк, сквер, бульварларда, аянттарда эс алууну чектей турганын айткан.

Жаңы жобого ылайык, айрым тармактардын иши токтотулган.

Бишкек: Ишмердүүлүгүнө тыюу салынган объекттер (тизме)