Марал Радиосу

Ысык-Көлдөн Бишкекке 30 медкызматкер жиберилет

“Ысык-Көл облусунан 30 медкызматкер Бишкек шаарына жиберилет. Бул тууралуу өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, медиктер борбор калаадагы кесиптештерине жардам бермекчи.

-Ошондой эле, Бишкек шаарынан пансионаттарда иштөө үчүн 24 медкызматкердин келери күтүлүүдө. Алар менен келишим түзүлгөн, — деп кошумчалады Акылбек Осмоналиев.