Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, шайлоо босогосу 9%дан 7 пайызга түшүрүлдү.
Тийиштүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.