Биз менен байланышыңыз

Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзамга президент кол койду

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 476 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, шайлоо босогосу 9%дан 7 пайызга түшүрүлдү.

Тийиштүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM