Марал Радиосу

Жээнбеков: Депутаттар өлкө үчүн абдан маанилүү чечимдерди кабыл алды

ЖКнын алтынчы чакырылыштагы депутаттары тарабынан өлкө үчүн абдан маанилүү чечимдер кабыл алынды. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда айтты.

-Параламенттин ушул курамы тарабынан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган чечимдердин көпчүлүгү кабыл алынганын эч ким төгүндөй албайт, — деди президент.

Ал бул ойду бышыкташ үчүн Жогорку Кеңештин айрым чечимдерин белгилеп өттү.

Жээнбеков Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын дагы бир өзгөчөлүгү — бул Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер менен интеграциялык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган чечимдердин көбү ушул чакырылышта кабыл алынганы экенин белгиледи.

-Өлкөбүздүн экспорттук потенциалын арттыруу максатын көздөп, ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн аймагында өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргоого багытталган мыйзамдардын пакети ушул чакырылышта кабыл алынганын белгилеп кетүү абзел, — деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, Президент Жээнбеков бүгүн парламентте жаңы куралган өкмөттүн антын кабыл алуу үчүн жыйынга катышты.