Марал Радиосу

COVID-19: Бир суткада 50 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

27-июнга карата бир сутка ичинде 50 бейтап коронавирустан сакайын, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ооруканадан чыгарылгандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек шаары – 26;
Чүй облусу – 5;
Ош шаары – 3;
Ош облусу – 7;
Нарын облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 3.

Республика боюнча жалпы 2212 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


27-июнга карата коронавирус жуктурган 309 жаңы учур катталды