Марал Радиосу

Бир суткада 19 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды

Кыргызстанда акыркы суткада 19 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын ичинде Бишкек шаарында-13, Ош шаарында-3, Ош облусунда-1, Баткен облусунда-1, Талас облусунда-1 жаңы учур катталды.

Бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны 648ге жетти, алардын 396сы ооруканадан чыгарылган.