Марал Радиосу

Бишкекте беткап чыгарган ири цех ачылды (сүрөт)

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында бир жолу колдонулуучу беткаптарды чыгаруучу цехтин ачылышы болду. Ага вице-премьер-министр Аида Исмаилова катышты.

Ата мекендик ишкерлер 160 миң доллар турган беткап чыгаруучу заманбап жабдууларды сатып алып, орнотушкан. Өндүрүштө алдын ала болжолго ылайык, суткасына 50-60 миң даана беткап чыгат. Беткаптар FRR1 тиби боюнча EN149:2001 европа стандартына дал келет.

Толук автоматташтыруу, анын ичинде беткаптарды автоматтык түрдө таңгактоо жана стерилдөө өндүрүштүн өзгөчөлүгү болуп саналат.

Бул долбоордун башкы милдети элди сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар менен камсыз кылуу болуп саналат. Ошондой эле, FFP3 стандарты боюнча № 95 респираторлорун чыгаруу пландаштырылууда.

-Пандемия шарттарында чек ара жабылгандыктан улам импорт кескин кыскарып, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү актуалдуу болуп калды. Биз экономикабызды өнүктүрүүгө ата мекендик инвестицияларды тартууну, өлкөдө чыгарылган продукцияларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө, айрыкча, Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна экспорттоону колдоого алабыз. Өндүрүштүн баштапкы баскычында 25 жумуш орду түзүлгөн, мындан ары кызматкерлердин штатын жана чыгарылган өндүрүмдөрдүн түрүн көбөйтүү аркылуу өндүрүштү кеңейтүү пландалууда, — деди Аида Исмаилова.