Марал Радиосу

Президент Канттагы авиабаза тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен орусиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2020-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Протокол Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасынын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө 2012-жылдын 20-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү максатында кабыл алынды.

2012-жылдагы макулдашууга ылайык, орусиялык тарап ижарага алган жер участокторунун аянты 866,2 гектарды түзөт. Инвентаризациянын жыйынтыгында Орусия колдонгон аянт 924,52 гектарды түздү. Бул макулдашууда көрсөтүлгөндөн 58,32 гектарга көп экени аныкталды.

Протокол күчүнө киргенден кийин Орусия иш жүзүндө пайдаланган жер аянты үчүн ижара акысын Кыргызстанга 2012-жылдын 20-сентябрынан баштап төлөйт.

Ошондой эле, Орусиянын каражатына Учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо пландаштырылган. Макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин бул объектилер кыргыз тарапка кайтарылат. Мындан тышкары, Учуп-конуу тилкеси биргелешип пайдалануучу объектилердин тизмесине киргизилген.

Протоколго кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин тараптар Учуп-конуу тилкесин колдонуунун тартибин аныктоочу ведомстволор аралык документке кол коюшат.

Канттагы авиабаза: Жер кимге калат?