Марал Радиосу

Бир суткада 26 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыргызстанда бир сутка ичинде 26 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө болгон онлайн маалымат жыйында кабарлады.

Бишкек шаарында  – 6 медкызматкер;
Чүй облусунда – 3;
Ош шаарында – 2;
Ош облусунда – 4;
Баткен облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 6;
Нарын облусунда – 2;
Талас облусунда – 1 медициналык кызматкер вирус жуктуруп алган.

Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 582 учур катталды, алардын ичинен 387 медкызматкер илдеттен айыгып чыккан.