Марал Радиосу

Бөрүбаев: 192 мектептин курулушу жүрүп жатат

Жыл башынан бери 397 объектиде курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 192си мектеп, 57иси бала бакча. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясына байланыштуу республикалык бюджет кайра каралып, капиталдык салымдарга бөлүнгөн каражаттын көлөмү 500 млн сомго кыскартылды. Муну менен мекеменин 2020-жылга алынган бюджети 1 млн сомду түздү. Анын:

Агенттик 2019-жылы 110 объектинин курулушун бүтүрүп, колдонууга берген. Курулуш тармагы өлкөдө ИДПнын 8 пайызын түзөт.