Марал Радиосу

Карантин башталгандан бери Кыргызстанга сырттан канча акча келди?

COVID-19 каршы күрөшүү максатында Эл аралык финансы институттарынан учурда 250 млн 113 миң 59 $ жардам алынды. Жалпы 627 млн 330 миң 437 $ колдоо каралган. Пандемия учурунда Кыргызстанга келген жана дагы келе турган акчалардын 73%ы насыялар болсо, 27%ы грант болуп саналат.

  1. Эл аралык валюта фонду бюджетти колдоо үчүн жалпы 241 миллион $ насыя бөлөт.  31-марта КР бюджетине 1-траншта каралган 120 млн 849 миң 46 $ келип түштү.
    • Учурда ЭВФ менен 2-траншта каралган 121 млн 98 миң 891 $ акчаны тартуу боюнча консультациялар жүрүүдө.
  2. Азия өнүктүрүү банкы жалпы 135 млн $ колдоо көрсөтөт. Анын 41 млн сому грант, 94 млн $ы насыя.
    • Бюджетти колдоого 105 млн $, инвестициялык долбоорлорго 20 млн $ каралган, каражат бюджетке түшө элек.
  3. Дүйнөлүк банк инвестициялык долбоорлорго 121 млн 150 миң $ бөлөт. Анын 60 млн 575 миң $ грант, 60 млн 575 миң $ы насыя.
    • Мекеме учурда 21 миллион 150 миң $ өлчөмүндө жардам көрсөтүүдө.
  4. Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы инвестициялык долбоорлорго 50 млн $ насыя берет.
    • АИИБнын долбоорду жактыруусу июль айынын соңуна пландалган.
  5. Ислам өнүктүрүү банкы 15 млн $ насыя берет. Каражат инвестдолбоорго багытталат.
  6. Европа биримдиги бюджетти колдоого жалпы 33 млн 880 миң $ грант бөлөт.
  7. KfW Германия өнүктүрүү банкы азык-түлүк коопсуздугу үчүн 30 млн 352 миң 500 $ грант берет.

Коронавирус менен күрөшүү үчүн жардам топтоо жана көмөк көрсөтүү боюнча 11-июнга алынган маалымат:

COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2020-жылга республикалык бюджеттин: