11-июнга карата Кыргызстанда коронавирустун дагы 36 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.
Анын ичинде:
Бишкек шаарында – 17;
Чүй облусу — 3;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу — 3;
Ош шаары – 2;
Ош облусу — 4;
Жалал-Абад облусу — 3;
Баткен облусу — 1;
Талас облусунда – 2 учур.
Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2129га жетти.
«Бүгүн катталган 36 жаранда COVID-19 вирусу тастыкталды. Анын 4 учуру чет өлкөдөн келген жарандардан аныкталган. Калган 19 учур медициналык көзөмөлдө тургандардан табылса, 13 учурдун булагы белгисиз бойдон калууда»,- деди Үсөнбаев.
Акыркы сутка ичинде изилдөө 2162 адамга жүргүзүлгөн. Оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 9 024. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.
Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1438 адам жатат.