Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 11-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күндүн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-12-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн: 8 … 13 °C, күндүз: 23 … 28 °C;
Талас облусунда түнкүсүн: 6 … 11 °C, күндүз: 22 … 27 °C°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн 10 … 15 °C, күндүз: 25 … 30 °C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 6 … 11 °C, күндүз: 14 … 19 °C;
Нарын облусунда түнкүсүн:5 … 7 °C , күндүз: 17 … 19 °C.
11-июнда Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11 … 13 °C°C, күндүзү 24………26°Cди түзөт.