Марал Радиосу

Кытай: Сутка ичинде коронавирустун 3 жаңы учуру аныкталды

Акыркы суткада Кытайда коронавирус инфекциясы менен ооруган 3 жаңы учур катталды.  Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитети 10-июнда билдирди.

Ошондой эле, акыркы суткада 5 вирустун асимптоматикалык алып жүрүүчүсү аныкталды.

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 83,046 коронавирус учуру катталып, 78,357 бейтап айыгып, 4634 адам көз жумган. 55 бейтап медициналык көзөмөлдө турат.