Марал Радиосу

9-июнда коронавирус менен дагы 23 адам катталды

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус менен дагы 23 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында кабарлады.

Анын ичинде:

Бишкек шаарында – 6;

Чүй облусу – 2;

Ош шаарында – 4;

Ош облусу – 3;

Жалал-Абад облусу – 3;

Ысык-Көл облусу – 4;

Нарын облусу – 1;

Ушуну менен коронавирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 2055ке жетти.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктургандардын үчөө медициналык кызматкерлер экени аныкталды. Ал эми стационарлардан 11 медкызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылды.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – жалпы 403 учур катталды, алардын ичинен 293 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.