Марал Радиосу

Кыргызстанда коронавирус дагы 25 адамдан чыкты

Бүгүн, 8-июнга карата Кыргызстанда коронавирусту дагы 25 адам жугузуп алганы аныкталды.

Анын 18 учуру Бишкек шаарында, 7 учуру Чүй облусунда катталды. Жаңы учурлардын экөө сырттан келгендерден чыкты, 13ү байланышта болгондордун арасынан аныкталган, калган 10 учурдун вирус жуктурган булагы тактала элек.

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2032ге жетти. Алардын ичинен 1445 адам айыгып, 23 адам каза болду.

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2359 изилдөө жүргүзүлдү.