Нарында коронавируска карата алынган анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп жатат. Ар бир аймакта COVID-19 дартын жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жактардан алынган ПЧР-анализдин жыйынтыгы 1 сутка ичинде чыгарылышы зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
— Нарын аймагындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү күчтөндүрүү керек. Бул максатта регионго саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев жөнөтүлдү. Мындан тышкары жакынкы күндөрү борбордон регионго тажрыйбалуу вирусолог жана ПЧР-анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн. Учурда ал аймакта анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп кетүүдө, ал эми штабдын талабы боюнча, оорулуулардын анализинин жыйынтыгы 1 суткадан кечиктирилбестен чыгарылышы зарыл. Мунун өзү оорунун жаңы учурларын кыскартууга шарт түзөт, — деп билдирди Кубатбек Боронов.
Кеңешмеде биринчи вице-премьер тийиштүү мамлекеттик органдар коомдук саламаттыкты камсыздоо иретинде коомдук жайларда жана ири соода түйүндөрүндө Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталган санитардык-гигиеналык талаптар так сакталышын камсыздоо зарыл экендигин баса белгиледи.