Марал Радиосу

Дүйнөдөгү эң кары адам — британиялык Роберт Уэйтон каза болду

Улуу Британияда дүйнөдөгү эң кары адам Роберт Уэйтон көз жумду. Ушул жылдын март айында эле ал өзүнүн 112 жашын белгилеген.

Уэйтондун каза болгону тууралуу анын үй-бүлөсү кабарлаганын Би-Би-Си жазды.

Ушул жылдын февраль айында япониялык Титэцу Ватанабе (112 жаш) каза болгондон кийин британиялык Роберт Уэйтон «эң узак жашаган адам» деп табылган.

Маалыматтарга караганда, Роберт Уэйтон 1908-жылы 29-мартта Чыгыш Йоркширдеги Халл шаарында төрөлгөн. Рак оорусунан улам 28-майдын таңында көз жумган.

Ал өмүр жолунда инженер болуп эмгектенип, Тайвань, Япония жана Канада өлкөлөрүндө узак мөөнөттүү командировкаларда болгон.

Би-Би-Си интервьюсунда Уэйтон узак жашоонун сырын “өлбөс үчүн тырышуу” деп түшүндүргөн.

Анын артында 2 уулу, 10 небереси жана 25 чебереси калды.