Марал Радиосу

Карантин: Кыргызстанда 709 миң киши жумушсуз калды

Кыргызстанда карантинде 709 миң киши жумушсуз калды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалык башчысы Зайнидин Жумалиев «Марал» радиосунун «Экомайдан» берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө абал режими киргенден бери жумушсуздардын саны кескин көбөйдү.

− Карантин мезгилинде 700 миңден ашык адам жумушка чыга албай отуруп калды. Жумушсуздардын көпчүлүгүн Бишкек шаары түзөт, − деди Жумалиев.

Жумушсуз калган адамдардын аймактарга карата бөлүнүшү:

Жумушсуз калгандардын көпчүлүгү − кызмат көрсөтүү жана тейлөө тармагында иштегендер.

Зайнидин Жумалиев билдиргендей учурда өлкөдө 70 % ишмердүүлүк кайра жандана баштады.