Марал Радиосу

Фудзияма тоосу альпинисттер үчүн жабылды

1960-жылдан бери биринчи жолу Япониянын Фудзияма тоосуна чыгуу үчүн колдонулуп келген 4 каттам тең жабылды. Мындай чечим коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынды.

Япон бийлиги тараткан билдирүүдө:

-Япониянын эң бийик чокусуна чейинки төрт негизги маршруттун үчөөнү башкарган Сидзуока префектуралык администрациясы быйыл тоого чыгуу багыттарынын бири да ачылбай тургандыгын жарыялады, — деп айтылат.

Жогоруда белгиленгендей, Яманаси префектурасы көтөрүлүүдө колдонулган 4-каттамдын жабылгандыгын жарыялаган.

Фудзиямада альпинизм сезону адатта июлдан сентябрга чейин созулат.