Марал Радиосу

Индия менен Бангладеште миллиондогон адамдар эвакуациялана баштады

Индия менен Бангладеште күчтүү циклон жакындап калгандыктан, 2 миллиондон ашык адам коркунуч жаралган аймактардан эвакуациялана баштады. Бул тууралуу индиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Учурда «Амфан» деп аталган циклон Бенгал булуңунда аракетке өтүп, андагы шамалдын максималдуу ылдамдыгы 265 км/с чейин жетип жатат.

Циклон Индия менен Бангладешти 20-майда каптайт деп күтүлүүдө. Анда катуу жааган жамгыр жана саатына ылдамдыгы 165 км/с шамал болору болжолдонууда.

Адамдар баш калкалоочу жайларга жайгаштырылып, коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн беткап жана кол кап кийип жүрүүгө чакырылган.

Эки мамлекеттеги кырдаал коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү алкагында киргизилген чектөөлөрдөн улам татаалдашты.

Жергиликтүү метеорологдор циклон 2007-жылдан бери эң күчтүү болушу мүмкүн экенин эскертип жатышат. Ошол учурда «Сидар» циклону 3 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кеткен.