Марал Радиосу

Түркмөнстан: эл аралык рейстерге 20-июнга чейин уруксат жок

Түркмөнстан аба жолдору коронавирустук пандемияга байланыштуу бардык эл аралык рейстерди 20-июнга чейин жокко чыгарды. Бул тууралуу авиакомпаниянын расмий сайтында жарыяланды.

Ошентип, Ашхабаддан Стамбул, Москва, Санкт-Петербург, Казань, Минск, Алматы, Франкфурт-на-Майне, Бирмингем, Амритсар, Дели, Дубай, Абу-Даби, Пекин жана Бангкок жана андан ары каттамдар болбойт.

Буга чейин түркмөн авиакомпаниясы  бардык эл аралык каттамдарды 20-майга чейин токтоткон.

Түркмөнстанда коронавирус илдети аныкталганы тууралуу расмий маалымат жок.