Ушул жылы февралдан тарта ооруканадан сырткары өпкөнүн сезгенип оорусу (пневмония) боюнча катталган учурлардын жалпы саны 119га жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен:
- Февраль айында 37 учур катталып, 2 бейтап каза болгон;
- Март айында 31 учур катталып, 1 бейтап каза болгон;
- Апрель айында 23 учур катталып, 7 бейтаптан ПЧР-диагностикасына анализдер алынып, бардыгынын жыйынтыгы терс чыккан;
- 1-майдан 16-майга чейин 28 учур катталып, ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен 2 бейтаптан Covid-19 аныкталган. Алар жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган.