Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 16-майда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 17-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: 8…..13.… күндүз: 19……..24°
Талас облусунда:
түнкүсүн: 7…..12.….күндүз: 18………23°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 10……15….күндүз: 21……..26°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 10……15….күндүз: 21………26°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: 4……9..….күндүз: 17……..22°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: 3……8…..күндүз: 17.……22°C
16-майда Бишкекте түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…….13°C, күндүзү 22………24°C.