Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 14-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: 12…..17.… күндүз: 20……..25°
Талас облусунда:
түнкүсүн: 10…..15.….күндүз: 18………23°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 14……19….күндүз: 21……..26°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 14……19….күндүз: 21………26°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: 14……19..….күндүз: 21……..26°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: 5……10…..күндүз: 19.……24°C
14-майда Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…….17°C, күндүзү 22………24°C.