Чыны менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган мамлекет болушубуз керек. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында айыл чарбасындагы өндүрүштү күчөтүш керек.
— Кризис келип, чек алар жабылып, ушундай абалда кыйнала турган учурлар бар экен. Биз азыр өзүбүздү кант, сүт, эт, картошка менен камсыз кылабыз. Буудай боюнча абдан чоң маселе бар. 96% буудай Казакстан менен Орусиядан келет. Ушундай маселелерди чечип, кайра иштеткен компанияларды колдоп, өзүбүздүн саясатыбызды жүргүзүшүбүз керек, — деди Абылгазиев.
Мындан тышкары, ал айыл чарбасына тиешелүү баардык маселелерди комплекстүү карап, акча каражатын максималдуу түрдөө сарптоо керектигин кошумчалады.