Марал Радиосу

Дубай-Бишкек каттамы менен 178 жаран учуп келди

Бүгүн, 26-апрелде «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, эмират тарабынан Бириккен Араб Эмиратындагы Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү үчүн 3- май жана 10-майда кошумча каттамдарды уюштуруу боюнча болжолдуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Буга чейин Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулдугу Бириккен Араб Эмирлигиндеги Кыргызстандын жарандарын алып келүү үчүн 3 чартердик рейс уюштурулуп жатканын билдирген.

Элчилик коронавирус симптомдору катталбаган Кыргызстандын жарандарына гана учууга уруксат берилерин эскерткен.


Сауд Аравияда коменданттык саат кыскарды. Меккеде абал кандай?