Марал Радиосу

Орусиядагы дарыгер реанимациядагы абалды көрсөттү (видео)

Москвадагы ооруканалардын биринин башкы дарыгери Валерий Вечорко жандандыруу бөлүмүнүн абалын видеого тартып көрсөттү.

Видеодо айтылгандай, жандандыруу бөлүмүнө түшкөндөрдүн саны арткан. Алардын көпчүлүгү жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жатышат. Дарыгер карантин абалын сактоого жана вируска олуттуу мамиле жасоого чакырды:

— Жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж болгондордун саны өсүүдө. Реанимацияга түшкөндөрдүн саны эле өспөстөн, жашы да кичирейип барат. Азыр жандандыруу бөлүмүндө мурдагыдай 40 жаштан өткөндөр гана эмес, 30дун тегерегиндегилерди да көрүүгө болот. Баарыңыздарды бул инфекцияга олуттуу мамиле жасоого чакырабыз,- деп айтат дарыгер.

Ошондой эле, бул абалдан чыгуунун жолу — өз алдынча обочолонуу экенин белгилеп, вирустун симптомдору байкалган учурда дароо медициналык жардамга кайрылууга чакырган.

— Реанимацияга түшүп калбайын десеңер, өз алдынча дарыланууга аракет кылбагыла, — деди Вечорко.


COVID-19: Кыргызстанда бир бейтапка 8-120 миң сом коротулуп жатат. Башка өлкөлөр канча сарптайт?