Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын баары Бишкек шаарында.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 175 учур катталды. Анын ичинен 65 медкызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Айыккандардын ичинен: 22 дарыгер, 28 орто медперсонал, 10 кенже медперсонал жана 5 башка адис. Баары ишине киришкен.