Биз менен байланышыңыз

Жалпы 175 медкызматкер COVID-19 диагнозу менен катталган

Кыска кабар | 25 Апр 2020 | 330 | 0

Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын баары Бишкек шаарында.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 175 учур катталды. Анын ичинен 65 медкызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Айыккандардын ичинен: 22 дарыгер, 28 орто медперсонал, 10 кенже медперсонал жана 5 башка адис. Баары ишине киришкен.


 

Copyright © 2017 Maral FM